• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 27.04.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттери кытай тараптын демилгеси менен "Жаз жана Эмгек" майрамдарын майрамдоого байланыштуу жабылат. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган бекеттер 2019-жылдын 1-майынан 5-майына чейин убактылуу жабык болот.

Чек ара бекеттеринен жарандарды жана автоунааларды өткөрүү 6-майда жанданат.

Пикир

Оставить комментарий