• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Каримова Өзбекстандын УКМКсынын убактылуу кармоочу жайында камалууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Өзбекстандын мурдагы президентинин улуу кызы Гульнара Каримова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын убактылуу кармоочу жайында камалып турганын “Фергана Ру” интернет басылмасынын башкы редактору Даниил Кислов билдирди. Ал Каримова “VIP коноктор үчүн турак-жайда”жайгашканын белгиледи.

2015-жылдын август айында Ташкентте сот Каримованы күнөөлүү деп таап 5 жылга эркинен ажыраткан.

28-июлда экс-президенттин кызы кармалган. Аны алдамчылык, чет өлкөлүк акчаны жашыруу, бажы укугун бузуулары үчүн, документтерди жасоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырган деп айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий