• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Карышкыр" каймана аты менен таанымал Умырзаков кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.01.21. /Кабар/. "Карышкыр" каймана аты менен таанымал Мурсалым Умырзаков кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Умырзаков жазасын өтөп жатканда ага карата арыз түшкөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.

"Азырынча ал кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Эскертек кетсек, ИИМдин Криминалдык милиция кызматы Бишкектен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Мурсалым Умырзаковду (Карышкыр) кармаган.

Пикир

Оставить комментарий