• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ишкердикти текшерүүгө тыюу салынды. Кайсыл учурда текшерүү жүргүзүлбөйт?

Коом 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. КР Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда ушул жылдын аягына чейин милиция жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бизнести текшерүүгө мораторий киргизилгенин эскертет.

Ведомстводон билдиргендей, мындай чара төмөндөгүдөй айрым учурларда иштебейт:

1) жазык жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүүчү субъекттердин талабы боюнча;

3) башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроо-талабы боюнча;

4) жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча;

5) электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына тарифтерди түзүү жана колдонуу бөлүгүндө отун-энергетика комплекси чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча;

6) бажы көзөмөлүндөгү товарларга карата бажы кызматы тарабынан;

7) ташылып келүүчү, өндүрүлгөн жана сатылуучу күйүүчү-майлоочу материалдардын, күйүүчү майлардын сапатынын сакталышын көзөмөлдөөгө;

8) жер казынасын изилдөөнү жана иштетүүнү жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан мыйзамдардын ченемдерин жана талаптарын сактоо маселелери боюнча;

9) социалдык маанидеги товарларга бааларды жөнгө салуу жөнүндө;

10) санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо маселелери боюнча.

Белгиленгендей, мораторийдин максаты - ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердигин колдоо, алардын укуктук корголушун камсыз кылуу, ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүнү четтетүү, ошондой эле жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү.

Ушуга байланыштуу КР Экономика жана коммерция министрлиги укук коргоо жана мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ишкерлердин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишип же бизнеске кийлигишип жаткан болсо, төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүнөт:

Экономика жана коммерция министрлиги - (0312) 620535 (ички 260);

Башкы прокуратура — (0312) 88-90-33, (0500) 19-20-54;

Бизнес-Омбудсмен институту – (0222) 911 330, (0312) 979 717.

Пикир

Оставить комментарий