• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Касым-Жомарт Токаев: инсандыгы, өмүр баяны, потенциалы - Казакстандагы шайлоо алдындагы ой жүгүртүүлөр

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бүгүн, Казакстандагы президенттик шайлоо алдында, дүйнө коомчулугунун жана өзгөчө коңшу мамлекеттердин көңүл чордонунда, албетте, шайлоо жырышынын катышуучулары – талапкерлердин өзү турат. Кызыгууну бир гана шайлоо алдындагы үндөөлөр жана программалар гана эмес, талапкерлердин жеке өздөрү, алардын өмүр баяндары, казак эли жана мамлекетине сиңирген эмгектери да жаратууда.

Албетте, Казакстандын азыркы тарыхында татыктуу орунду ээлеген жаркын инсан, белгилүү дипломат жана жетекчи, учурдагы президент, "Нур Отан" партиясынын талапкери Касым-Жомарт Кемелевич Tокаев эсептелет.

Биринчи кезекте, Касым-Жомарт Токаевдин үй-бүлөлүк тарыхы менен өлкө жана улуттун татаал жолу чиеленгенин өзгөчө белгилөө керек. Анын атасы Кемел Токаевич Токаев (1923-1986) казактын жазуучусу катары жалпы элдин колдоосун алуудан жана Казак ССРнин Жогорку Президиумунун Кеңешине мүчө болуудан мурун, турмуштун катаал жолун басып, айрыкча, репрессиянын жана ачкачылыктын зордуктарын, жакындарынан мажбур ажыроонун азабын өз жон териси менен тарткан.

Анын апасы, Турар Шабарбаева (1931-2000) Алма-Ата Чет тилдер педагогикалык институтунда эмгектенген. Ошентип, К. Ж. Токаев – тектүү интеллигент деп айтууга толук негиз бар. Анын келечектеги профессионалдык ишмердигине кызыгуусу терең болгон жана тамыры балалык чагына барып такалат.

Ошентип, анын турмушундагы жеке, тарыхый тагдыры менен өлкөнүн тагдырынын тыгыз чиеленишкенин көрө алабыз.

К. Ж. Токаевдин өмүрүнө, өзгөчө, анын саясий лидер катары болгон орчундуу этаптарына назар салалы.

Биринчи эле кезекте, К. Ж. Токаев казак дипломатиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгону чындык. Өз учурунда анын саясатчы катары жылдызы дипломатия алкагында жанган.

К. Ж. Токаев МГИМОдо мыкты билим алып (1970-1975 гг.), өз карьерасын СССРдин Тышкы иштер министрлигинде баштаган – Сингапур Республикасында (1975-1979 гг.), Тышкы иштер министрлигинин аппаратында (1979-1985 гг.), кийин Пекинде экинчи катчы, биринчи катчы жана кеңешчи кызматтарында 1991-жылы жарыяланган Казакстандын мамлекеттик көз карандысыздык мезгилине чейин эмгектенген.

Ал жылдары азиялык республикадан келген бир кишинин ийгиликтүү карьерага жетиши – күчтүү, көрүнүктүү жеке сапаттарынын бар экенин далили болгонун белгилей кетүү зарыл. Ооба, азиялыктар МГИМОдо окуган, бирок, алар негизинен СССР мамлекет үчүн дос жана "зарыл" болгон чет элдиктердин өкүлдөрү эле. "Коюндагы азиялык" казак өкүлү – бул такыр башка нерсе. МГИМОдо бир казактын окушу – бул өзү башкача көрүнүш эле.

СССР кулагандан кийин К. Ж. Токаевдин саясий карьерасы өз мекенинде уланган – алгач Тышкы иштер министринин орун басары, кийин биринчи орун басары болуп, акырында 1994-жылы Казак Республикасынын Тышкы иштер министри болгон. Бул кызматта жалпысынан 10 жыл эмгектенген (1994-1999, 2002-2007 жж.).

Бүгүнкү күндө бүт дүйнө Казакстан Республикасын принципиалдуу түрдө эл аралык талаш-тартыштарды жана көйгөйлөрдү чечүү каражаты катары согуш жолун эмес, тынчтыкты жактаган мамлекет катары билет. Ушуга улай, Касым-Жомарт Кемелович тышкы иштер министри катары ядролук куралды жайылтпоо боюнча активдүү ролду ойногонун эстен чыгарбоо абзел (2002-2007 -ж.).

Атап айтканда, 2005-жылы Казакстандын биринчи Президенти Н.А. Назарбаевдин буйругу менен ал ядролук куралды жайылтпоо тууралуу келишим боюнча обзордук конференцияга катышып, эл аралык коомчулукка Казакстан Республикасынын жогорку жетекчилигинин айкын позициясын билдирген. Ошол эле жылы, Борбор Азиядагы (ЦАЗСЯО) Семипалатинск шаарында ядролук куралдан эркин аймакты түзүү боюнча макулдашууга кол койгон. Мурун да 1995-жылы К. Ж. Токаев, ошондой эле, ядролук куралды жайылтпоо боюнча келишим тууралуу обзордук конференцияга катышкан, ал эми 1996-жылы комплекстүү ядролук сыноого тыюу салуу боюнча келишимге (ДВЗЯИ) Нью-Йорк) кол койгон. Айтылгандар абдан таасирдүү иштер болгон.

Айтмакчы, 1998-жылы президенттин буйругу менен ушул К. Ж. Токаев акыркы ядролук жардырууну Семипалатинсктеги полигондо жасаган (акыркы бомбаны жок кылуу зарыл болгон). Ошентип, ал жагымсыз тарыхка чекитти койгон.

2003-жылы К. Ж. Токаев өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогон өлкөлөрдүн министрлеринин эл аралык жыйынында төрагалык кылып, кыймыл-аракеттердин Алматы программасы иштелип чыккан жана деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн Алматы декларапциясы кабыл алынган. Баса, иш жүзүндө анын логикалык уландысы катары "Нурлы Жол" программасы "Бир алкак – бир жол" кытай долбоору менен бирге азыркы Казакстандын Кытай аркылуу Тынч океанга, Азербайджан, Грузия жана Түркия аркылуу Жер Ортолук Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул жол аркылуу ушул күнгө чейин 20 млн. тонна жүк жөнөтүлгөн.

Натыйжада, биз жогоруда белгилегендей, К. Ж. Токаевди Россияда, Кытайда жана Батышта жакшы билинген жана кадыр-баркка ээ казак дипломатиясын түптөөчүлөрүнүн бири катары эсептегенге толук негиздер бар. Евразия континентинин так борборунда жайгашкан жана тышкы саясатында көп багыттуу стратегияны калыптандырып келе жаткан өлкө үчүн күчтүү дипломатиянын мааниси өтө чоң. Мунун айкын далили – бул туңгуч президент Н. Н. Назарбаевдин жеке кадыр-баркы. Себеби, мунун аркасында бир канча олуттуу эл аралык маселелер чечилип, бүтүндөй дүйнө Казакстанга өз урматын көргөздү.

Мындан башка, Казакстандын азыркы президенти эл аралык мамилелердин проблемаларына арналган тогуз китептин жана көптөгөн макалалардын автору катары эл аралык академиялык чөйрөдө да чоң кадыр-баркка ээ. Бүгүн ал катардагы саясий илимдердин доктору эмес, төртөө БУУнун жумушчу тилдеринен (орусча, англисче, франсузча жана кытайча) болуп эсептелген беш тилде сүйлөй алган кеңири чөйрөгө белгилүү интеллектуал.

К. Ж. Токаев 1999-2002-жылдары тышкы иштер министри кызматынан Казакстан Республикасынын премьер-министри кызматына көтөрүлгөн. Бул кызматты 2002-жылдын августуна чейин аркалаган. Адистер бир ооздон Казакстандын көз карандысыздык тарыхындагы эң ийгиликтүү премьер-министр катары К. Ж. Токаевди эсептешет. Себеби, ал бул жогорку кызматта турганда күчтүү характер менен айкалышкан мыкты менеджердик сапатын көргөзүп, өзүнөн мурункулардан да, кийинкилерден да көп ишти бүтүргөнгө жетишти.

Жогоруда белгиленгендей, К. Ж. Токаев Казакстандын тышкы иштер министри кызматын 2007-жылдын январына чейин, жалпысынан 10 жыл аркалап келди. Андан кийин биринчи жолу Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын төрагасы болуп шайланды. Бул кызматта 2011-жылдын апрелине чейин иштеп, андан кийин дипломатиялык ишине кайтты.

Бүгүн Касым-Жомарт Кемелевичтин БУУнун генералдык катчысынын орун басары, мындан тышкары БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн башкы директору (2011-2013-жж.) болуп кызмат өтөгөнү көпчүлүккө маалым. Бирок, анын Женевада башкы директор катары иштеген биринчи азиялык экендиги, түрк элдеринин ичинен биринчи болуп БУУнун Генералдык секретарынын орун басары кызматын аркалаганын көпчүлүк биле бербейт.

Мындан сырткары К. Ж. Токаев Куралсыздандыруу конференциясында БУУнун Генералдык секретарынын жеке өкүлү болгон, БУУнун Генералдык ассамблеясынын он сессиясына катышкан, КМШ жана Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлери кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Ошону менен бирге, анын дипломат иретинде жеке салымы катары Казакстандын 2018-жылы БУУда төрагалык кылышын, Казакстандын бир канча тынчтык орнотуу демилгелерин, эң негизгиси Казакстандын күчтүү коңшулары менен чек арасын (жалпысынан 14 700 км) тактап алышын көргөзсөк болот.

Мындай «формалдуулууктарга» көңүл кош мамиле кылуунун натыйжасында маселелердин көптөгөн жылдар бою чечилбестен калышы эмнеге алып келерин азыркы таптагы Украинанын кайгылуу мисалы тастыктап жатат. Мындан сырткары, өзгөчө белгилеп койчу нерсе, казак-кытай чек арасындагы маселелер Казакстанга СССРден гана эмес, революциядан мурнку Россия империясынан калган мурас болчу. Ошентсе да, бул маселени өтө аз жоготуулар менен чечип, түбөлүккө чекит коюуга мүмкүн болду.

2013-жылдын күзүндө К. Ж. Токаев Казакстанга кайтып келип, кайрадан Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын төрагасы болуп шайланды. Бул кызматта 2019-жылга чейин, 6 жыл иштеди. Бул жылдар аралыгында анын жетекчилигинде көптөгөн маанилүү мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, кабыл алынды.

Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, Сенаттын төрагасы катары кызмат өтөгөн жылдары ал бүт өлкөнү кыдырып, эл менен, жөнөкөй адамдар менен тыгыз мамиле куруп, алардын муктаждыктарына, арыз-муңдарына көңүл бурган. Касым-Жомарт Кемелевичтин жеке мүнөзүнүн бир өзгөчө болгондугу - элге ачыктыгы азыр да көрүнүп турат. Муну анын Твиттердеги эсебине жөн гана абай салгандардын бардыгы жакшы билет.

Кошумчалай кетчү дагы бир нерсе, К. Ж. Токаев эл аралык саясат, парламенттик ишмердик жана мамлекеттик башкаруудан сырткары көз карандысыз Казакстандын улуттук иденттүүлүгүнүн бекемделишине да чоң салым кошкон жана кошуп келет. Бул элге кеңири белгилүү болбосо да, реалдуу факт.

Мисалы, Казак хандыгынын 550 жылдык мааракесин биринчилерден болуп КР Парламентинин Сенаты так К. Ж. Токаев төрагалык кылып турган учурда белгилеген.

Ал казак тилин латын алфавитине өткөрүүнүн негизги жана айныгыс колдоочуларынын бири болду. Мисалы, 2017-жылдын күзүндө билим берүү маселелри боюнча парламенттик угууларда мындай деп айткан: «Биздин алдыбызда чоң стратегиялык маанидеги тапшырма, латын графикасына өтүү турат. Өлкө башчы белгилегендей, казак тилин латыницага өткөрүү – бул глобалдык илим жана билим берүү системасына кирүүгө жана биздин рухий бүтүндүктү камсыздоого жасалган кадам. Биз бул милдетти ойлонуп, “чоң кадамдарсыз” акырындан ишке ашырышыбыз керек. Бирок улам жылдыра берүүнүн да эч пайдасы жок. Эң негизгиси биздин жаңылууга укугубуз жок».

Акыркы сөздөр кокустан эмес эле. Маалым болгондой, Казакстандын Биринчи Президенти Н.А.Назарбаев тарабынан кабыл алынган казак алфавитинин латынчалаштырылуусу тууралуу стратегиялуу чечиминен соң «ыкташуу» мезгили келди, ал кезде жаңы алфавиттин түрлүү версиялары сунуш кылынган жана каралган болчу, булардын ичинен биринчи экөөнүн («диграфиялуу» менен «апострофиялуу») маанилүү кемчиликтери бар болуп, коомчулуктун терс реакциясын туудурган.

Өлкө үчүн маанилүү ошол учурда К. Ж. Токаев казак тили үчүн латын алфавитинин баштапкы вариантын сындап чыгып, «улуттук комиссия латын алфавити боюнча акыркы чечимге келе элек, ошондуктан гезит же башка жерлерде апостроф колдонуу али өтө эрте» деп көрсөткөн.

2018-жылдын 19-февралында алфавиттин акыркы вариантынын кабыл алынышынан соң К. Ж. Токаев баарын тарыхый окуя менен куттуктаган. Алфавит реформасы ал үчүн терең «жеке» иш болчу.

Мамлекеттик тилден кеп козгоп жатканда өзүнчө эле «фишка» болгон бир ичке учурду эскертүү орундуу болот. Совет муунунун казак интеллигенциясынын көптөгөн өкүлдөрүндөй эле, Касым-Жомарт Кемелевичтин да өз убагында эне тилин толук билбегени маалым – бирок учурда ал казакча эркин жана акцентсиз сүйлөйт.

Көбү үчүн ибараттуу иш – жеке үлгү. Каалоо болсо эле мүмкүндүктөр дайыма табылат. Казакстандын учурдагы президенти өзүнөн ийгиликтүү баштаган, эми ошол эле нерсени башкалардан талап кылууга моралдык укугу бар.

Коом Казакстанда жер ижаралоо жана сатуу тууралуу Жер кодексине ызы-чуулуу түзөтүүлөрдөн улам дүрбөлөңгө түшкөн пурталдуу 2016-жылы К.-Ж. Токаевдин да активдүү жана принципиалдуу позиция карманганын эскертүү керек. Сенатта 2016-жылдын 29-апрелинде талкууларда ал сөзмө-сөз ушуну билдирген: «Айыл чарба жерлери чет элдиктерге сатылбайт деп жөн гана ынандыруу бербеш керек. Эч кимде бул талапты түрлүү айлакер схемалардын жардамы менен айланып өтүү каалоосу пайда болбой тургандай укуктук жана башка каражаттар менен да өтө маанилүү жобонун ишке ашырылуусун камсыздоо керек. Эң башкысы, Мамлекет башчысынын жерге карата улуттук юрисдикция жана жердин натыйжалуу, рационалдуу пайдаланылышы тууралуу талабын сөзсүз аткаруу керек». Бул маселенин канчалык маанилүү экени жана казактардын өз жерине чоң, тим эле ыйык маани бергени эч ким үчүн сыр эмес.

К. Ж. Токаевге келсек, ал казака тиешелүү эч нерсе ал үчүн чоочун эмес болгон чыныгы Казак экенин дагы бир ирет далилдеди, атүгүл андан да көбүрөөк жасады.

Жогоруда айтылгандардын баарын жыйынтыктаганда, төмөнкүлөрдү айтуу мүмкүн.

Касым-Жомарт Кемелевич Токаев Елбасынын эң ишенимдүү жолдошторунун бири, тажрыйбаруу, ар тарапдуу адистин жумушу талап кылынган эң татаал тилкелерге ал дайыма жөнөчү.

Өлкөнүн тышкы саясий курсунун калыптандырылышына ал сталашсыз түрдө маанилүү салым кошкон. Сенат менен ϴкмөттү жетектеген, Мамлекеттик катчы болуп да иштеген. Казакстандын соңку жаңы тарыхына эң ийгиликтүү премьер-министр катары кирген.

Интеллигент кебетеси менен тынч сүйлөөсү эч кимди жаңылтпоого тийиш: алдыбызда өтө чоң жана ар тараптуу тажрыйбасы, ошондой эле кубаттуу саясий эрки бар күчтүү лидер, дүйнөлүк деңгээлдеги саясатчы турат.

Адам катары эң дурустугу, коррупциялуу иштер менен кландар аралык «териштирүүлөрдө» булганбагандыгы да К. Ж. Токаевдин инсандыгынын күчтүү тарабы, муну каршылаштары да эрксизден тааныйт жана белгилейт.

К. Ж. Токаевдин шайлоо алдындагы программасы Казакстандын заманбап коому үчүн талашсыз түрдө маанилүү болгон үч багытты камтыйт – булар: Мурастуулук, Адилеттүүлүк, Прогресс. Прогресс - максат, саясий курстун мурастуулугу менен адилеттүүлүк - булар камсыз кылынбастан эч кандай өнүгүү мүмкүн болбогон зарыл шарттар.

Казакстандын учурдагы президентинин таза репутациясы менен эл аралык аткаминер жана жогорку деңгээлдеги башкаруучунун мурунку саясий карьерасындагы көзгө толумдуу ийгиликтерин эске алып, Казакстандын жарандарынын ага ишенүүгө толук негиздери бар деп санайбыз. Токаевдин программасынын негизги беренелери – бул жөн эле шайлоо алдындагы ураан эмес, анын турмуштук позициясы жана адамдык мыкты сапаттары.

Мында Казакстандын Биринчи Президенти Н.А.Назарбаевден цитата келтирүү орундуу: «Жанымда Казакстандын көз карандысыздыгынын алгачкы күндөрүнөн бери иштейт. Аны жакшы тааныйм. Ал чынчыл, жоопкерчиликтүү жана сөзүнө турган адам. Өлкө ичинде жана тышында жүргүзүлүпжаткан саясатты толук колдойт. Бүткүл программалар анын катышуусу менен иштелип чыккан. Токаев Казакстанды башкарууну ишенип берилиши мүмкүн болгон ошол кишинин дал өзү деп ынанам».

Жогоруда айтылгандардан бүтүм чыгара турган болсок, Касым-Жомарт Кемелевич Токаев Назарбаевдин ишин уланта турган жана өлкөнү Улут лидери тарабынан белгиленген бийик максаттарга алпара турган кишинин дал өзү деп чоң ыктымал менен болжолдоо мүмкүн.

Дархан Кыдырали

Нур-Султан шаары

Пикир

Оставить комментарий