• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каттамдарды жандантуу, вакцина сатып алуу: Кыргызстан менен Россия кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын РФдагы элчиси Аликбек Жекшенкулов 7-сентябрда Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко менен жолугушту. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкууланды: - Өлкөлөр ортосунда туруктуу аба каттамдарды ачуу; - Кыргыз студенттерди жана дарыгер – ыктыярчыларды Россияга кирүүгө уруксат берүү; - Кыргызстанга Россиянын COVID-19ка каршы жаңы вакцинасын алуу; - Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы кайчылаш жылынын алкагындагы иш-чараларды жандандыруу жана улантуу; - Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйынын өткөрүү маселелери.

"Кыргыз тарап ушул жылдын 21-августунан баштап РФнын жарандарына өлкөгө эркин кирүүсүнө уруксат берди. Эми Россия менен туруктуу аба каттамдардын жанданышын күтүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу учурунда Россиянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан кыргыз студенттерине Россияга кирүүгө уруксат берүү маселесине өзгөчө басым жасалды. Бул маселе Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан каралып жаткандыгын, өз кезегинде тышкы иштер министринин орун басары Руденко маалымдады.

Мындан тышкары, тараптар коронавирус пандемиясынын жайылышына жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу буга чейин токтотулуп калган Кыргызстандагы Россиянын жана Россиядагы Кыргызстандын эриш аркак эржылынын алкагындагы иш-чаралардын программасын оптималдаштыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий