• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Катуу шамалдан улам Ысык-Көл облусу жарыксыз калды

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 9-апрелде саат 11:20да катуу шамалга байланыштуу “Ысык-Көл” 220 Кв көмөкчордонунда авариялык өчүрүү болуп, Ысык-Көл облусу жарыксыз калды. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармактары” ААКы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, ишкана авариянын кесепеттерин жоюуда.

“Саат 11:40та “Ысык-Көл” жана “Тамга” көмөкчордондору калыбына келтирилди. Толук маалымат кийинчерээк берилет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий