• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 17.11.18. /Кабар/. Кавказ тоосунун бийик чокуларынын бири - Чыңгыз Айтматов чокусу деп аталды. Бул тууралуу мамлекеттик ишмер Султан Раев өзүнүн фейсбуктагы баракчасында маалымдаган.

"Ал чокуга Кыргызстандын Мамлекеттик желеги, Айтматов пигинин тактайы кече кыргыз альпинисттери тарабынан чокуга жеткирилип, бул Кавказ тоосунун чокусу Чыңгыз Айтматов чокусу аталып калды. 13-ноябрда альпинистерибизге ак жол каалап сапарга узаттык эле, алар бул чокуну багынтты. Бул иш-чараны толугу менен КР президенти С. Ш. Жээнбеков колдоп, каражатын чечип берди. Чыңгыз Айтматовдун атактуу Кавказ тоосундагы чокусу жана чокуда желбиреген Кыргыз желеги кут болсун! Бул улуу ишке катышкан инсандарга чоң рахмат! Бар болгула!", - деп жазылат Султан Раевдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий