• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Киргизия-1» конушунда жолдорду жамоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы капиталдык оңдоодон тышкары жолдогу чуңкурларды жамап жатат, деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бригада Ленин районундагы «Киргизия-1» конушунун Улан көчөсүн бойлой Абдрахманов көчөсүнөн Адигине көчөсүнө чейин жана Асан көчөсү менен Кожомкулов көчөсүнөн Курултай көчөсүнө чейин иш жүргүздү.

Ошондой эле, Таалай көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Кожомкулов көчөсүнө чейин иштер башталат.

Белгилей кетсек, буга чейин бригада 12, 10, 8, 4-кичи райондордо, 4-шаардык оорукананын аймагында, «Ынтымак-1» жана «Адинай» сейил бактарында иштерди жүргүзгөн.

Пикир

Оставить комментарий