• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Усубалиевдин 100 жылдыгына карата "Ала-Тоо" аянтына саясий ишмердин архивдик сүрөттөрү коюлду

Коом 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына "Ала-Тоо" аянтында анын сүрөттөрү салынган кутуча коюлду. Усубалиевдин жеке жашоосу жана мамлекеттик кызматта тургандагы сүрөттөр элге тартууланган.

Көргөзмөнүн ачылышына КР президентинин аппаратынын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Усубалиевдин балдары, неберелери жана шаар тургундары катышты.

Алмаз Кененбаев белгилегендей, ушул жылдын февраль айында президент Сооронбай Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

"Жарлыктын негизинде 18 негизги пункттан турган атайын программа даярдалган. Бүтүндөй өлкө боюнча Усубалиевди эскерүү иш-чаралары өтүүдө. Сүрөттөрдөн мамлекеттик жана саясий ишмердин мурунку кылымдын 60-жылдардан тарта 2009-жылга чейинки жашоосун көрүүгө болот", - деди Кененбаев.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, Усубаливдин элесин түбөлүккө сактоо максатында чокулардын бирине анын ысымын ыйгаруу жана даректүү тасма тартуу пландалууда.

"Көргөзмөнүн негизги максаты өлкөнүн тургундарын жана жаштарын Турдукан Усубалиевдин өмүр таржымалын окуп-билүүгө чакыруу. Бүгүнкү иш-чарага шаардагы мектеп окуучулары чакырылган. Расмий иш-чара болсо 6-ноябрда Улуттук филармонияда өтмөкчү", - деп кошумчалады Өмүрбекова.

Эскерте кетсек, Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда жарык дүйнөгө келип, 2015-жылы каза болгон. Ал Совет мезгилинде Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарып, көз карандысыздык жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Быйыл Турдакун Усубалиев 100 жашка чыкмак.

Президенттин жарлыгына ылайык быйыл Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий