• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абу-Дабиде II дүйнөлүк медиа конгресс өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 15.11.23./Кабар/. Абу-Дабиде II дүйнөлүк медиа конгресс өтүүдө. Ага дүйнөнүн көп өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттары катышып жатат.

Башкача айтканда, телекөрсөтүү, радио жана интернет журналистикасынын кызматкерлери, серепчилер, жаш журналисттер.

Дүйнөнүн алдыңкы медиалары бир жерде чогулуп, бири-бири менен кызматташууга, тажрыйба алмашууга жана баарлашууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн павильондор, стенддер уюштурулган.

Жаш журналисттер үчүн атайын окуулар, семинарлар жана кесиптик тажрыйбасын жогорулатуу үчүн түрдүү конференциялар орун алган. Кыргызстандан дагы жалпыга маалымдоо кызматкерлери, басма сөз кызматкерлери жана журналистика тармагында окуган студенттер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий