• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 04.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жарлыктын максаты — Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошкон Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо.

Иш чараны эң жогорку улуттук деңгээлде даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт, ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планы иштелип чыгып, бекитилет.

Пикир

Оставить комментарий