• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 31-октябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам убактылуу администрация жана банктарды жоюу жол-жоболорун оптималдаштыруу жана мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жокко чыгаруу максатында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди, ага ылайык:

— убактылуу администратор дайындалган банкта Убактылуу администратордун жана ал ишке тарткан, Улуттук банктын кызматкери болуп саналбаган адистердин эмгегин төлөө үчүн ликвиддүү каражаттар жок учурларда, Улуттук банктын чечими боюнча бул чыгымдар Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт. Ушул чыгымдар Убактылуу администратор дайындалган банктын сарптоолоруна чегерилет. Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылган чыгымдар Убактылуу администрациянын иши токтотулган учурда банк тарабынан, ал эми банкка карата мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурда — ушул Мыйзамда белгиленген насыя берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгүнө ылайык жабылат;

— жоюучуга сый акыны белгилөөнүн тартиби такталды. Жоюучуга сый акы жоюлуп жаткан банктын ишинин татаалдыгына жараша, Улуттук банктын сунушу боюнча сот тарабынан белгиленет, бирок ал Убактылуу администрациялоо киргизилгенге же лицензия чакыртып алынганга чейинки акыркы жыл ичинде эсептелген жоюлуп жаткан банктын башкармасынын төрагасынын кызматтык айлык акысынан же болбосо банкты жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган датага чейин банкта ишин аткарып жаткан Убактылуу администратордун сый акысынын өлчөмүнөн ашпоого тийиш;

— жоюу жол-жобосу жүргүзүлүп жаткан банктын кызыкчылыгында сотко доо берилгенде, жоюучу бардык иштер боюнча доочу жана жооп берүүчү катары бардык соттордо мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотулат;

— банкты жоюу жол-жобосун ишке ашырууда административдик чыгымдарды жабуу үчүн банкта ликвиддүү каражаттар жок болгон учурларда, банктын жоюучусунун жүйөлүү кайрылуусу боюнча ал чыгымдар Улуттук банктын жеке каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Улуттук банк административдик чыгымдардын ордун жабууга акча каражаттарын банктын жоюучусу менен түзүлгөн келишимдин негизинде берет.

Кабыл алынган Мыйзам «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамга толуктоо киргизди, ага ылайык, атайын администрациялоо жол-жобосу жоюу жол-жобосуна өзгөртүлүп түзүлөт, ал эми атайын администратор жоюучунун статусуна ээ болот, ошону менен бирге статустун мындай өзгөрүп түзүлүшү/өзгөрүшү жөнүндө соттук актылар, Улуттук банктын чечимдери талап кылынбайт.

Кабыл алынган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө өзгөртүү киргизди, ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясын алган банктык эмес финансы-кредит уюмдары да салымдарды тартуу укугуна ээ.

Бул Мыйзам «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий