• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакбаев Германиянын элчисин дипмиссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 29.07.21. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Германиянын Кыргызстандагы эчиси Моника Иверсенди Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар кыргыз-герман мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешип, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алмашышты. Тараптар өлкөлөрдүн ортосунда 2022-жылы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту.

Министр Руслан Казакбаев элчи Моника Иверсендин Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди чыңдоого кошкон салымын белгиледи. Жолугушуунун аягында, кыргыз-герман эки тараптуу кызматташтыгын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн М.Иверсенге КР Тышкы иштер министрлигинин ведомстволук сыйлыгы тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий