• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстан Ирандан келе жаткан кыргызстандык жүк ташуучулардын экинчи колоннасын өткөрө баштады

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Казакстан транзит менен Азербайжан, Россия жана Казакстандын аймагынан Ирандан Кыргызстанга багыт алган кыргызстандык жүк ташуучу автоунаа каражаттарынын экинчи колоннасын өткөрүүнү баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Учурда “Котяевка-Курмангазы" казак-россия чек арасындагы контролдук-өткөрүү пункту аркылуу Казакстандын аймагына экинчи колоннанын 19 автоунаасы киргизилди, алар мындан ары Казакстандын кайгуул полициясынын коштоосунда Кыргызстанга багыт алат.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги бул транзиттик коридор Ирандан келаткан кыргызстандык жүк ташуучу унаалары үчүн казак тарабы менен уюштурулганын жана бир жолку акция болгондугун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий