• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Пандемия бери дегенде жайында токтойт же болбосо дагы бир сезонго созулат - вирусолог

Дүйнө 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Пандемия бери дегенде жайында токтойт же болбосо дагы бир сезонго созулат. Бул тууралуу Алыскычыгыш федералдык университетинин алдындагы биомедицина мектебинин микроорганиздер экологиясы лабораториясынын башчысы, вирусолог Михаил Щелканов билдирди.

"Жайды келиши менен европалык жана америкалык кесиптештерибиз учурдагы абалды көзөмөлгө алып, анын жайылышына жол бербейт деген ойдомун. Мындай боло турган болсо абдан жакшы болмок", - дейт ал.

Адистин айтымында, эгер эпидемиологиялык абал турукташпаса пандемия дүйнөнү толук түрдө каптап калат.

Пикир

Оставить комментарий