• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан президенттик шайлоо өткөрүүгө 24,5 миллион доллар бөлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого Казакстан өкмөтү 9,4 миллиард теңге (24,7 миллион доллар) бөлөт. Токтомдун долбоору Нормативдик укуктук актылар порталында жарыяланды.

Документе ылайык, өкмөттүн резервинен 9 404 771 000 теңге бөлүнөт. Каражаттын 9,3 миллиард теңгеси Борбордук шайлоо комиссиясына, 56,8 миллион теңгеси Ички иштер министрлигине берилет.

Буга чейин Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо үчүн 12 миллиард теңге сураган. Бирок Каржы министрлиги бул каражатты кыскарткан.

БШКнын маалыматына караганда, бул сумманын 70 пайызы шайлоо комиссияларында иштей турган кишилерге айлык акы төлөөгө жумшалат.

9-апрелде Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган.

Казакстанда президенттикте талапкерлерди көрсөтүү 10-апрелде башталды жана 28-апрелде аягына чыгат.

Пикир

Оставить комментарий