• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстан менен Тажикстан дээрлик 140 млн долларлык келишимге кол коюшат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 09.03.18. /Толонбай Курбанов – Кабар/. Шавкат Мирзиеёвдин Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюла турган 27 документ даярдалган, дээрлик 140 млн долларлык келишим түзүлөт. Бул тууралуу күн мурун ӨРнын президентинин басма сөз катчысы Комил Алламжонов ЖМК өкүлдөрүнө билдирди.

“Президент Шавкат Мирзиеёдин Тажикстанга боло турчу мамлекеттик сапарынан чоң жыйынтыктар күтүлүүдө. Сапардын алкагында кол коюла турчу 27 документ даярдалды. Алардын маанилүүсү болуп мамлекет башчылардын биргелешкен билдирүүсү, өзбек-тажик мамлекеттик чек араларынын айрым тилкелери боюнча келишим, жарандардын өз ара барып-келүүсү жөнүндөгү макулдашуулар”,-деп билдирди Алламжонов.

Андан тышкары, сапардын алкагында күтүлүп жаткан бизнес-форумдун жана Өзбекстандын Улуттук өнөр-жай көргөзмөсүнүн алкагында дээрлик 140 миллион долларга соода келишимин түзүү каралууда.

“Маалым болгондой биздин өлкөнүн президенти натыйжалуу иштеп, көптөгөн маселелерди жеринде чечет. Ошондуктан да сапардын алкагында макулдашуулардын саны көбөйүшү мүмкүн”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий