• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 18,1 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 18 миң 171 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 581 учур катталган. Ал эми 58 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 3 бейтап каза болду.

Өзбекстанда 13-июлдан 1-августка чейин карантиндик чектөөлөр катаалдады. Медициналык мекемелер 18-июлдан тарта бейтаптарды коронавирусту аныктоочу тест жүргүзбөстөн кабыл ала баштаган.

Өлкөдө коронавирустан 9 миң 521 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 94 бейтап каза болду. 8 миң 554 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 101инин абалы оор болсо, 32нин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий