• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бажы кызматы: Дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келе жаткандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Кыргызстанга дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келе жаткандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ташылып келе жаткан товардын орточо суммасы 2 млн 956 миң 200 сомду түзгөн.

"ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери “А.Э.И” ЖЧКнын аймагындагы терминалда Mercedes-Benz Actros үлгүсүндөгү транспорт каражатына бажылык тыкыр кароо жүргүзүшкөн.Анын натыйжасында Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келинген жалпы салмагы 129,5 кг болгон 2274 таңгак “Regapen 300 mg” дарысы табылган", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тиешелүү орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий