• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияга каршы рейд жүрүп, 296 укук бузуу аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 10-17-октябрь аралыгында мыйзамсыз миграцияга каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жыйынтыгында 296 укук бузуу аныкталды.

Алар:

- чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуусу – 168;

- мыйзамсыз миграцияны уюштуруу – 12;

- Кыргызстандын аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу – 93, анын ичинен 77 юридикалык, 16 физикалык жактарга карата укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн;

- чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу – 19;

- Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишмердүүлүктү уруксаты жок жана уруксатта көрсөтүлгөн шарттарды бузуу менен жүргүзүү – 3, анын ичинен эки юридикалык жактарга, бирөө физикалык тарапка;

- Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган бир факты катталган;

Кыргызстандын миграциялык мыйзамын бузуулары үчүн 1 млн 660 миң сомду түзгөн айыппул салынган.

Андан сырткары, бул операциянын жүрүшүндө башка укук бузуулар дагы аныкталган. Анын ичинде бир ок атуучу курал алынып, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүдөн 1 кг 40 грамм марихуана баңгизаты алынган. Эл аралык издөөдө жүргөн үч жаран кармалган.

Пикир

Оставить комментарий