• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бишкекте бир жума аралыгында жол эрежелерин бузуу боюнча 4191 факты аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында 3-9-сентябрь аралыгында жол эрежелерин бузуу боюнча 4 миң 191 факты аныкталды.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, алардын ичинен:

- Мас абалында авто унаа башкаруу - 45 айдоочу;

- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 6;

- Айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 34;

- Жасалма мамлекеттик номер менен авто унаа башкаруу - 3;

- Жөө жүргүнчүлөр жана велосипед айдаган жарандар катышкан жол эрежесин бузуулар - 44;

- Башка жол эрежелерин бузуулар - 4059.

“588 автоунаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий