• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде афган тектүү 3 кг жакын баңгизат сатууга аракет кылган жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Баткен районунда афган тектүү 3 кг жакын баңгизаттарды тараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен райондук милициясына КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү менен катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын натыйжасында, 2022-жылдын 13-февраль күнү саат 01:00 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айылында автотрассада жайгашкан дүкөндөрдүн биринде баңгизат сатуу аракети болуп жатканы маалым болгон.

Ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө аталган дүкөндүн айланасынан баңгизатын саттууга алып келген жеринен Баткен районунун Ак-Татыр айылынын жашоочусу 1974-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, анын колунан ак түстөгү кытай кабына салынып скотч менен оролгон үч даана оромдун ичинен таза салмагы 2 кг 846 грамм болгон афган өндүрүшүндөгү "гашиш" баңгизаты табылып алынган.

Ошол эле ыкчам иликтөө жүргүзүүнүн жыйынтыгында ошол эле күнү саат 02:00 чамасында жогорудагы кылмыш ишине катышы бар деген дагы бир жаран такталып, ал Баткен районунун Паскы-Арык айылынын жашоочусу 1975-жылы туулган К.А. аттуу жаран болуп чыгып, камакка алынган.

Жогоруда аталган жарандар Баткен райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды тактоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Соттук-медициналык корутундунун негизинде алынган баңгизат “гашиш” экендигин аныкталып жана анын салмагын 2 кг 846 гр өлчөмдү түзгөндүгү дадилдеген.

Пикир

Оставить комментарий