• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токмокто мал уурулукка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.09.17. /Кабар/. Токмок шаарында мал уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 26-августунда милицияга 32 жаштагы Ш.К., аттуу жергиликтүү жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз жарандар 25-августта болжол менен кечки саат 18:00 уйду музоосу менен уурдап кетишкендигин айткан.

Маалым болгондой, аталган факты боюнча 32 жаштагы К.Ж., аттуу жаран кармалып, аны үй камагына алуу чечими кабыл алынган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 165 беренеси (мал уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий