• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ аймактарда дезинфекциялоо иштерин улантууда

Коом 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында аймактарда дезинфекциялоо иштерин улантууда.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде аткарылууда: дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо.

2020-жылдын 21-июль күнү өлкө боюнча 36 606 чарчы метр имараттар, 302 700 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 102 куткаруучу тартылган.

Алсак;

Чүй облусунунда 32 800 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 102 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 1080 чарчы метр имарат, 14 500 погондук метр автоунаа жолдору дезинфекцияланып, 330 литр суюк хлор колдонулду;

Талас облусунда 7 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 46,5 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 4980 чарчы метр имараттар жана 128 500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 20 кг жана 94 литр суюк хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 6 488 чарчы метр имараттар жана 61 300 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 274 кг жана 152 суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 12 568 чарчы метр имараттар, 30 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 10 кг жана 106 литр суюк хлор колдонулду;

Баткен облусунда 28 100 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 103 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 11 490 чарчы метр имарат дезинфекцияланып, 10,5 литр суюк хлор колдонулду.

Пикир

Оставить комментарий