• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Кыргызстандагы окуялар боюнча билдирүү жасады

Коом 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери Кыргызстандагы окуялар боюнча биргелешкен билдирүү жасады.

"Боордош Кыргызстанда болуп жаткан окуялар биздин катуу тынчсыздануубузду жаратууда. Биз көп кылымдар бою достук, жалпы маданий жана руханий байланыштар менен байланган жакын коңшу катары бул оор күндөрү Кыргызстандын элин тынчтыкты сактоо жана өлкөдөгү туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн өзүнө таандык акылмандыгын көрсөтүүгө чакырабыз.

Кыргызстандын бардык саясий партиялар жана коомчулук Конституция жана улуттук мыйзамдарды сактоо менен пайда болгон маселелерди чечүүгө, тынчтыкты камсыз кылууга керектүү иш-аракеттерди көрөт деп үмүттөнөбүз. Кыргызстандын бейпилдиги Борбор Азиянын туруктуу өнүгүшүнүн жана аймактык коопсуздуктун маанилүү фактору болуп эсептелет", - деп айтылат Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин билдирүүсүндө.

Ошондой эле билдирүүдө Кыргызстандын элинин ынтымакка, тынчтыкка, көз карандысыз өсүп-өнүгүүгө умтулуусу дайыма колдоого алынары айтылат.

Пикир

Оставить комментарий