• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы жаңы ипподромду долбоорлоого тендер жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы жаңы «Ак-Кула» ипподромун долбоорлоого тендер жарыялайт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, ипподромдун азыркы абалы авариялык деп эсептелет. Ал 1947-жылы КРнын эмгек сиңирген архитектору Владимир Нусовдун автордук долбоору боюнча курулган. Тилекке каршы, имараттын техникалык абалы жана курулушу азыркы нормаларга ылайык келбейт жана адам өмүрлөрүнө кооптулук жаратат.

«КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун техникалык кортундусуна ылайык, 2019-жылдын 29-ноябрындагы ипподромдун аймагын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча, ипподромдун имараты талап кылынган нормаларга жооп бербейт жана жер титирөөгө туруктуу эмес, ошондой эле авариялык абалда болгондуктан, иштөөсүнө жол берилбейт», - деп айтылат маалыматта.

Шаар бийлиги белгилегендей, ипподромдун авариялык техникалык абалын эске алсак, отура турган орундуктарды көбөйтүү менен имаратты реконструкциялоо мүмкүн эмес. Тилекке каршы, комплекс көп көрүүчүлөрдү батыра албайт.

"Ушул жылдын сентябрь айынын башында институттун корутундусунун жана КРнын Өкмөтүнүн ведомстволор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде Ак-Кула ипподромунун имаратын республикалык маанидеги архитектуралык эстелик статусун жоготту деп таануу, түрттүрүү жана жаңы ипподром комплексин куруу жөнүндө No466 токтому кабыл алынган", - деп билдиришти муниципалитеттен.

"Шаар тургундарынын, конокторунун жана спортчулардын коопсуздугу үчүн шаардык мэрия ипподромду талаптагыдай абалга келтирүүсү керек. Анткени, “Ак-Кула” ипподрому – Бишкек шаарынын аймагында ат спорт оюндарын өткөрө турган жалгыз жер. Техникалык тапшырма бул сайтка жайгаштырылат: http://zakupki.gov.kg/", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий