• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда 93 киши тамакка ууланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.06.23. /Кабар/. Казакстандын Түркстан облусундагы Кентау шаарында 93 киши тамакка ууланып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын облустук департаменти кабарлады.

Маалыматка караганда, уулануу белгилери менен шаардык ооруканада жаткандардын 41и балдар, үчөө кош бойлуу келин.

"Бейтаптардын баары шаардагы "Ризык Рауаны" тез татым кафесинде тамактанганын айтып жатышат. Бүгүнкү күнгө карата кафенин ишмердүүлүгү токтотулуп, текшерүү иштери башталды. Буга Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын облустук департаментинин адистери да тартылды", – деди Казакстандын мамлекеттик башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова.

Полиция адамдардын тамакка уулануусу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Былтыр күзүндө да "Ризык Рауаны" кафесинде тамактанган 168 киши ооруканага жеткирилген. Ошол эле жылы августта бул кафенин тамагына ууланган сегиз киши ооруканага кайрылган. Анда кафе убактылуу жабылып, ээсинин санитардык документтери, ашпозчуларынын медициналык кароодон өткөнүн ырастаган маалымкаттары жок болгону кабарланган.

Пикир

Оставить комментарий