• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тажикстан менен Өзбекстандын ИИМ министрлери 19 жылдан бери биринчи жолу жолугушту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29-июнь /Кабар/. Тажикстандын ИИМ министри Рамазон Рахимзода Өзбекстандын ИИМ министри Абдусаломо Азизов менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар улуттар аралык кылмыштуулук менен күрөшүүдө, терроризм, экстремизм, мыйзамсыз баңги затын айландырууга каршы бирге күрөшүүнү талкуулашты. Бул тууралуу Тажикстандын ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы ирет Өзбекстандын ИИМ министри Тажикстанга 19 жыл мурун келген.

Соңку 20 жыл аралыгында Тажикстан менен Өзбекстандын күч кызматкерлери кылмыштуу топ менен күрөшүүгө арналган бир дагы окутууларды жүргүзгөн эмес.

Кечээ Дүйшөмбү шаарында КМШ өлкөлөрдүн ИИМ министрлеринин кезектеги жыйыны өтүп, анда КМШ өлкөлөрүнүн ИИМ министрлери кызматташуу жана кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү мамлекеттер аралык программанын аткарылышын талкуулашты.

Сүрөттө: Өзбекстандын ИИМ министри Абдусалом Азизов.

Булак : asiaplus.tj

Пикир

Оставить комментарий