• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 10 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 10 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 1, Алматы шаарында – 5, Чыгыш Казакстан облусунда – 1, Караганда облусунда – 1, Түндүк Казакстан облусунда - 2 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 305 миң 406 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий