• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда болгон жол кырсыгынан Өзбекстандын алты жараны каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.02.18 /Толонбай Курбанов - Кабар/. Алдын ала маалыматка ылайык, Казакстанда болгон жол кырсыгынан Өзбекстандын алты жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Өзбекстандын Казакстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 1-мартында болжол менен саат 06:00 чамасында Казакстандын Мангистау облусунун Мангистау районундагы Шетпе айылындагы “Актау-Бейнеу” жолунда “LADA Largus” үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Актау-Бейнеу каттамы боюнча бара жаткан “Shacman” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа кагылышкан.

Кырсыктын натыйжасында унаадан өрт чыккан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, 7 адам каза болду, алардын алтоо Өзбекстан Республикасынын жарандары.

Аталган факты боюнча иликтөө амалдары жүрүүдө, каза болгондордун өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий