• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда коронавирус жуктургандардын 94 пайызы айыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирус жуктургандардын 94 пайызы айыкты. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин билдиргенин ТАСС агенттиги жазып чыкты.

Мамин жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектердин запасы түзүлгөнүн айтты.

"Август айынан бери вирустук инфекцияны амбулатордук негизде дарылоо үчүн акысыз дары-дармектер берилди. Аймактарда 12 инфекциялык оорукана курулуп, эки оорукана оңдолууда", - дейт ал.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу өзгөчө абал режими Казакстанда 16-марттан 11-майга чейин күчүндө болгон. 5-июлда өлкөнүн бийлиги эпидемиялык абалдын начарлашына байланыштуу бир катар кошумча чектөөлөрдү кайрадан киргизген. Учурда Казакстанда коронавируска 106 миң 498 адам чалдыкты. Алардын 100 миң 42си айыгып, 1 миң 646 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий