• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Ишкерлик субъектилерин каржылоо» программасынын алкагында 3,3 млрд сомдон ашуун каражат өздөштүрүлгөн

Өкмөт 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган «Ишкерлик субъектилерин каржылоо» программасын ишке ашыруу алкагында бөлүнгөн 4,5 млрд сомдун 3,3 млрд сому өздөштүрүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган каражатка 4766 кредит берилген, анын ичинде республикалык бюджеттин каражатынан бөлүнгөн 2,5 млрд сомдон 1,3 млрд сом суммасындагы 968 кредит берилген. Анын катарында берилген 63 кредит 5 млн сом суммасынан жогору саналып, жалпы суммасы 596 млн сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2 млрд сом суммасындагы 3808 кредит берилген.

Белгилей кетсек, Программага киргизилген өзгөртүүлөрдөн соң, насыялоо экономиканын дээрлик бардык багыттары боюнча жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, Программада жылына 11% үстөк менен кредиттерди 100% рефинансылоо каралган, бул ишкерлик субъектилерине мурда берилиген кредиттерди жогорку пайыздык үстөктөр боюнча рекридитациялоого мүмкүндүк берет.

«Ишкерлик субъектилерин каржылоо» программасы төмөнкү 11 коммерциялык банктар аркылуу ишке ашырылууда:

«Азия Банкы» ЖАК

«ФинансКредитБанк» ААК

«РСК банк» ААК

«Оптима банк» ААК

«КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы» ААК

«Капитал банк» ААК

«Банк «Бай-Тушум» ААК

«Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖАК

«Айыл банк» ААК

«Бакай банк» ААК

«Халык банк Кыргызстан» ААК.

Пикир

Оставить комментарий