• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 4 миң 298ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктуруп алган кишилердин саны 4 миң 298ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын 1299у айыгып, ал эми илдетти жуктуруп алган 29 бейтап көз жумду.

Өзгөчө кырдаалды камсыздоо боюнча мамлекеттик комиссиянын ыкчам штабы 6-майда дагы 72 кишиден вирус аныкталганын кабарлады. Алардын ичинен Нур-Султанда 22, Алматыда 20, Атырау облусунда 14 киши вирусту жуктуруп алган.

Жалпысынан Атырау облусунда 223 учур катталып, коронавирустун жайылышы боюнча өлкөдө үчүнчү орунга чыкты.

Буга чейин Атырау облусунун башкы санитардык дарыгери Тенгиз кениндеги эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кошумча чектөө чаралары киргизилгенин жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий