• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда кырылган ак куулардын саны 1000ге чукулдады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Маңгыстау аймагында ак куулар дагы деле кырылууда. Бул тууралуу жергиликтүү "Лада" басылмасына Токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү боюнча аймактык инспекциянын башчысы Габбас Досатов билдирди.

"Каракөл көлүнөн 968 өлгөн ак куу табылды. Ошондой эле Каракыян аймагындагы деңиз жээгинен 20 канаттуу табылды. 14-январга карата алынган маалымат боюнча өлгөн канаттуулардын саны 988ге жетти", - деди Досатов.

Каракыян районунун акимчилиги адамдарга деңиз жээгине барууга убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Полиция кызматкерлери жээкке жакын аймактарды күзөтүүдө.

"Ладанын" жазганына караганда, ак куулардын өлүмү тууралуу алгач былтыр декабрь айынын аягында айтыла баштаган жана окумуштуулар өлүмгө куш тумоосу себеп болгон деген бүтүмгө келишкен. Кийинчерээк эксперттер тумоо вирусу экинчи даражадагы мүнөзгө ээ экенин, жапырт өлүмдүн негизги себеби тамак-аштын жетишсиздигинде жана катуу суукта экенин айтышкан.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө облустун экология департаментинин кызматкерлери Каракөлгө куйган суу ашыкча булганганын аныктаган. 9-январда Rixos Aktau мейманканасында пландан тышкаркы текшерүү башталганы кабарланган. Мейманкана саркынды суулар Каракөлгө агарын ырастаган. Бирок адегенде чыпкадан өтүп, түтүк менен жөнөтүлөрүн, тазаланган сууну көлгө агызууга компетенттүү органдардан уруксат бар экенин кабарлаган.

Каракөл – Актау шаарынан он чакырымдай түштүк-чыгышта жайгашкан жасалма көл. Ал 1967-жылы Мангыстау атомдук электр станциясы үчүн тундурма бассейни катары курулган. Республикалык маанидеги Каракыя-Каракөл мамлекеттик зоологиялык коругу өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп саналат жана Казакстандын өзгөчө корголуучу орнитологиялык жерлеринин катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий