• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэриясынан "Тулпар" карталарын кайдан алса болорун айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынан "Тулпар" карталарын кайдан алса болорун айтып беришти.

Муниципалитеттен белгилешкендей, стандарттуу "Тулпар" карталарын О!, Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен, «Кыргыз почтасы» ААК филиалдарынан, "Тулпар" тейлөө борборлорунан, ошондой эле троллейбус менен автобустун айдоочуларынан сатып алса болот. Картанын баасы 50 сомду түзөт.

Мындан тышкары, чоңдор үчүн айына 1020 сомдук стандарттуу чексиз жол жүрүү билеттери бар. Ошондой эле мектеп окуучулары айына 360 сомго чексиз жол билеттерин сатып ала алышат.

Картаны алуу үчүн www.tulpar-card.kg сайтына арыз калтыруу керек. Андан кийин бардык талааларды толтуруп, окуучунун 3х4 форматындагы сүрөтүн, ошондой эле электрондук форматта окуган жеринен маалымкат жүктөңүз.

Бардык талаалар туура толтурулган болсо, арыз бир нече күн ичинде адистер тарабынан каралат. Карта төрт “Тулпар” тейлөө борборлорунда берилет.

Картаны алгандан кийин, сиз "саякат картасы" опциясын активдештире аласыз. Ал үчүн “Тулпар” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, катталып, картаны өзүңүздүн жеке кабинетиңизге байланыштыруу жана балансыңызды толуктап, “саякат карталары” бөлүмүнөн саякат картасын сатып алуу керек.

Ошондой эле кызыл жеңилдетилген Тулпар карталарын алуу үчүн карта берүү пунктуна барып, өзүңдүгүңүздү тастыктаган документти жана пенсиялык картаңызды көрсөтүү керек.

Карта акысыз чыгарылат жана төмөнкү категориядагы жарандарга муниципалдык транспортто акысыз жүрүүгө мүмкүнчүлүгүн берет:

- Бишкек шаарында катталган пенсионерлер;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- Өз ишин аткарууда «Кыргызпочтасы» ААКсынын почтальондору.

Тулпар тейлөө борборлорунун даректери:

Октябрь району - Байтик Баатыр проспекти,17 (Октябрь акимчилиги);
Ленин району - Чүй проспекти, 315 (Ленин акимчилиги);
Свердлов району - Чүй проспекти, 28 (Свердлов акимчилиги);
Биринчи май району - Жибек Жолу көчөсү, 495 (Биринчи май социалдык өнүктүрүү башкармалыгы).

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире үчүн накталай эмес төлөм системасы иштейт.

Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн накталай эмес төлөм ыкмаларынын кеңири тандоосу сунушталат:

- үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
- Кыргызстандын бардык банктарынын контактсыз VISA жана ЭЛКАРТ карталары;
- виртуалдык NFC картасы;
- Tулпар тиркемесинде QR сканерлөө жана Balance, Mbank, Megapay, Компаньон, О! Деньги, KICB жана башкалар.
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Пикир

Оставить комментарий