• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда Жогорку соттун судьясы пара алып жаткан жеринен кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Казакстандын Жогорку сотунун судьясы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу zakon.kz порталынын билдирүүсүндө айтылат.

Казакстан Республикасынын (КР) коррупцияга каршы аракеттер агенттиги жана КР Жогорку сотунун ички коопсуздук кызматы белгилүү бир убакыт аралыгында бирдиктүү иш-чараларды жургүзүшкөн. Жыйынтыгында, ушул жылы 11-февралда Нур-Султан шаарында ири суммадагы пара алып жаткан Жогорку соттун судьясы кармалды деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө. Акча ага КР Жогорку сот кеңешинин ишинде Түркестан облусунун райондук сотунун судьясын которуу боюнча көргөзгөн жардамы үчүн берилип жаткан.

Ошол эле убакта Түркестандан акча каражатын берген райондук соттун судьясы кармалган.

Тергөөнүн кызыкчыгы үчүн кошумча маалымат берилген жок.

Пикир

Оставить комментарий