• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстандагы кургакчылык: Евробиримдик 200 миң евро бөлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Евробиримдик Казакстанда кургакчылыктан зыянга учураган үй-бүлөлөргө каржылай көмөк иретинде 200 миң евро бөлөт.

Көмөк Мангыстау менен Түркстан облусунда кургакчылыктан көбүрөөк зыян тарткан болжол менен 6 миң кишиге берилет. Бул тууралуу Евробиримдиктин Казакстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Июнь айынан баштап бул аймактарда кургакчылык болуп, мал жапырт кырылып жатканы айтылган.

“Кургакчылыктын кесепетинен табигый көлмөлөр тартылып, жайыт жерлери, суу ресурстары азайган. Нытайжада мал менен жан баккан көптөгөн үй-бүлөлөрдүн малы кырылып калды. 70 миңден ашуун адам зыян тарткан, көбү майда фермерлер. Маалыматка караганда, зыян тарткандардын 84% Мангыстау облусунда турат”, - деп айтылган маалыматта.

Буга чейин кургакчылыкка байланыштуу Арал жана Кызылордо облустарында өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Мангыстау облусунда миңден ашуун, Кызылорда облусунда 500дөй мал кырылган.

Пикир

Оставить комментарий