• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстандык укук коргоо органдары КР КК подполковнигине айып койду

Коом 0

Бишкек, 18.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Казакстандык укук коргоо органдарыкыргыз-казак чек арасында кармалган Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Кургактагы аскерлеринин подполковнигине баңгизаттарын сактоо үчүн айып тагышты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.

Аскер ведомствосунан учурда казак тарап иликтөө жүргүзүп жатышканын билдиришти.

“Бизге азырынча эч кандай маалымат түшө элек. Биз подполковникке айып тагылганын гана билебиз”, - деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, 15-октябрда “Ак-Жол” өткөрмө пунктунан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн подполковниги баңгиге окшош шектүү зат менен кармалган.

Подполковник Казакстандын Илий полигонунда жыл сайын өтүүчү “Майтарылгыс достук - 2017” окууларына бара жаткан.

Пикир

Оставить комментарий