• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик визитинен фоторепортаж

Саясат 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев тар курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Андан соң Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңешинин 5-жыйынында өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу темаларын жана артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Казакстан Президентинин мамлекеттик визитинин жыйынтыктары боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков жана Касым-Жомарт Токаев «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты. Мамлекет башчылары 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун элесине арналган Мемориалга жана жазуучу Чынгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүл коюшту. Ошондой эле Мамлекеттер башчылары Ч. Айтматовдун Үй-музейине барышты.

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев эртең, 28-ноябрда Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турган ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын ишине катышат.

Пикир

Оставить комментарий