• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кемероводогу трагедия: Кыргызстандыктар Россиянын Бишкектеги элчилигине гүл коюп жатышат

Коом 0

Бишкек, 28.03.18. /Роман Гайнанов – Кабар/. Бишкек шаарынын тургундары Кемероводогу өрттөн каза болгондордун элесин эскерип РФнын КРдеги Элчилигине гүл коюп жатышат.

Россия Федерациясында 2018-жылдын 28-марты Кемерево шаарындагы өрттөн көп адам каза болгондугуна байланыштуу аза күтүү күнү деп жарыяланды. РФнын Бишкектеги элчилигинде көңүл айтуулар, эскерүүлөр жазылып калтырылган китепче ачылып, Мамлекеттик желек түшүрүлдү.

Каргашалуу окуя Кемероводо 25-мартта жүз берген, жергиликтүү убакыт боюнча саат 16:00гө жакын “Зимняя вишня” оюн-зоок соода борборунда өрт чыккан. Расмий маалыматтар боюнча, 64 адам каза болду, арасында балдар дагы бар.

Пикир

Оставить комментарий