• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кеминде милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жашоочулар менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 15.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-декабрында Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылында эл менен жолугушуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кемин РИИБнин жетекчилиги, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү бийликтин кызматкерлери жана аталган айылдын жашоочулары катышты.

Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургандар социалдык жана башка көйгөйлөрүн ортого салышып, аларды чечүү иштери тиешелүү кызматтардын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.

Кийин Кемин РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү тургундарга милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштар тууралуу баяндама берип, дагы алдыда аткарылуучу иш-чаралар тууралуу айтып өттү.

Андан сырткары өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдөн алыс болуу үчүн ата-энелер тарабынан да катуу көзөмөл болуусу керектигин билдирди. Эл менен болгон жолгушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин дыйыкан, фермерлер үчүн жеңилдетилген насялар менен камсыздоо боюнча Жарлыктары жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий