• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Акыркы эскертүүм". Президент мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды

Президент 0

Бишкек, 11.06.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда жалпы мамлекеттик кызматкерлерге кайрылды.

Президенттин билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:

"Мындан эки ай мурда Тамчы аэропортуна конуп, Чолпон-Ата шаарын көздөй бет алдык. Аэропорттон чыгып бурула берген жерде даараткана сыяктуу аялдама көзгө урунду. Дароо эле Башкы прокурорго телефон чалып: "Ким салды, кайсы акчага салды, канчага салды текшерип, мага билдириңиз",- дедим. Текшерип бүтүп, 840 миң сом коротулганын, "Кумтөрдөн" облуска бөлүнгөн акча экенин, айыл өкмөт курганын айтты. Албетте, акча жегендер камалды. Уурдагандарын эки эселеп кайтарып жатышат. Эми караңыздар, төмөндөгү аялдаманы 351 миң сомго куруп койдук. Болгону 351 миң сом акча кетет экен. Айырмасын караңыздар, тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп- жанып турат. Көрүнүшү да жакшы. 15-20 жыл былк этпей турат. Муну мен эмне үчүн ушинтип жарыялап жатам?

Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, силерге сабак болсун деп жатам. 33 жылдан бери ушундай жолдор менен уурдап келгенсиңер. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жылбай, өнүкпөй, уурдалып- тонолуп келди. Эми мындан ары мындай ыкма менен уурдаган уурулугуңар өтпөйт.

Мен буга чейин дагы баарыңарга эскерткем, дагы да эскертем. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтарасыңар жана түрмөдөн да чыкпайсыңар. Акыркы эскертүүм. Кийин эскертпедиң дебегиле.

Дагы бир мисал. Талас шаарында балдар ойной турган аянтча курдук деп, төмөндөгү курулушка 4 млн 880 миң сом акча сарпташкан. Муну УКМКнын кызматкерлери таап чыгышты.

undefined

Ушул жерге кантип уялбай ушунча акча кетти дешти? Баары камалып, уурдалган акчалар мамлекетке кайтарылды. Эми кайрадан ошол жерди өз көзөмөлүбүздө курабыз.

Канча акча менен кандай курулгандыгы жөнүндө кийин маалымат беребиз. Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, акча уурдаштын мындай жолун токтоткула. Азыр эшикте 21-кылым.

Бардык жактан материалдардын өздүк наркын билип, бир заматта эсептеп чыгып, уурулуктун бетин ачып коебуз".

Пикир

Оставить комментарий