• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түнкүсүн күйүп-жанып турат. Тамчыдагы чуу жараткан аялдаманын ордуна жаңысы курулду - видео

Коом 0


Бишкек, 11.06.23. /Кабар/. Ысык-Көлдөгү Тамчы аэропортунун маңдайындагы аялдама кайрадан курулду. Анын тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп-жанып турат.

Президент Садыр Жапаров билдиргендей, курулуш иштерине 351 миң сом сарпталган.

"Мындан эки ай мурда Тамчы аэропортуна конуп, Чолпон-Ата шаарын көздөй бет алдык. Аэропорттон чыгып бурула берген жерде даараткана сыяктуу аялдама көзгө урунду. Дароо эле башкы прокурорго телефон чалып: "Ким салды, кайсы акчага салды, канчага салды текшерип, мага билдириңиз" дедим. Текшерип бүтүп, 840 миң сом коротулганын, "Кумтөрдөн" облуска бөлүнгөн акча экенин, айыл өкмөт курганын айтты. Албетте, акча жегендер камалды. Уурдагандарын эки эселеп кайтарып жатышат", - деп, калыбына келтирилген аялдама 15-20 жыл былк этпей турарын кошумчалады.

Буга чейин президент Чолпон-Ата шаарынын жашоочулары менен жолугушуу учурунда жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып, Тамчыда курулган аялдаманы мисал келтирген болчу. Анда өлкө башчысы курулушка 840 миң сом короткондор кармалгандыгын, аялдама кайрадан салынарын кыйыткан.

Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура баасы миллион сомго чукулдаган эки аялдаманын курулушу боюнча текшерүү жүргүзүлүп, аткаминерлер кармалгандыгын билдирген.

Ысык-Көл райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынан "Тамчы" эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдама пунктунун курулушунун мыйзамдуулугу текшерилген.

Текшерүүдө Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. менен кылмыштуу бүтүмгө барып, өзүнүн кызматтык милдеттерин кыянаттык менен пайдаланып, келишимди бузуп, аялдама пункттарын куруу боюнча курулуш иштери башталбагандыгына жана бул объекттер келишимге ылайык сапатта кабыл алынбагандыгына карабастан "Д.Л" ЖЧКсынын эсебине алдын ала 844 миң 100 сом акча каражатын которушкандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иштин алкагында, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ф.К.Б. жана Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору Д.М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий