• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Киргизия-1 конушунда 140 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Коом 0

Бишкек, 25.09.23. /Кабар/. Бишкектин Киргизия-1 конушунда №26 бала бакча пайдаланууга берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Самойленко көчөсү, 5а дарегинде жайгашкан бала бакча 140 орунга ылайыкталган.

"Мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты 1442 чарчы метрди түзөт. Ал эми сметалык наркы 118 млн сомду түзүп, каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, бала бакча медициналык бөлмө, ашкана, кир жуучу жай жана чарбалык бөлмөлөр менен камсыздалган. Ойноочу жана уктоочу бөлмөлөрдөн тышкары музыка сабагы үчүн өзүнчө бөлмө каралган. Ошондой эле бала бакчанын аймагы жашылдандырылып, ар бир топ үчүн өзүнчө балдар аянтчалары орнотулду.

Белгилей кетсек, иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты.

Пикир

Оставить комментарий