• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Коргоо министрлиги ардагерлерди Улуу Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Кыргыз Респбликасынын Коргоо министрлиги (КР КМ) Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктоо иш-чараларын өткөрүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык иштер башкармалыгы билдирди.

2021-жылдын 9-майында КР Коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев баш болгон аскердик органдардын башчылары Бишкек шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Аспек Джумалиев, Арзыкүл Мамарасулова, Садыр Мамбетходжаев, Асек Урманбетов, Аниса Чешева, Габдулла Хузиахметов, Анатолий Августовдорду куттукташты.

Жер жүзүнө тынчтык алып келгендиги үчүн жылуу куттуктоо сөздөрүнөн тышкары баатыр-ардагерлерге аскер кызматчыларынын талаа аскер баштыгы фронттогу милдетүү 100г менен берилди.

Ардагерлериди куттуктоо КР КК Улуттук гвардиясынын ардак кароол ротасынын көргөзмө ыкмалары жана КР Коргоо министрлигинин аскердик оркестринин аскердик мелодияларды үйлөмө аспаптарда аткарып туруусу менен коштолду.

Республикадагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша ардагерлдерди куттуктоо санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий