• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: 11-12-январда суук болот

Коом 0

Бишкек, 10.01.18. /Кабар/. 2018-жылдын 11-январында эртең менен, күндүз жана 12-январда мезгил-мезгили менен кар жаашы, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -1…-6° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз 0…5° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32°, күндүз -9…-14° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий