• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Аба ырайына байланыштуу үч унаа жолу убактылуу жабылды – тизме

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Өлкөдөгү туруксуз аба ырайына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу жана адам өлүмүнө жеткирбөө максатында, үч унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлиги билдирет.

Алар:

  • Бишкек – Нарын –Торугарт унаа жолунун 194-чакырымынан 168-чакырымына чейин (Кочкор району);
  • Ала-Бука –Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун 34-101 жана Красная Горка –Ак-Таш унаа жолунун 0-4-чакырымдары (Чаткал району);
  • Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайку унаа жолунун 101-107-чакырым аралыгы (Кара-Кулжа району).

Учурда кар катуу жаап жаткандыгына байланыштуу жолду тазалоо иши аба ырайы турукташканга чейин токтоп турат.

Белгилей кетсек, 18-февралга чейин аба ырайы кескин өзгөрүлүп, өлкөнүн аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы жана кар күрткүсү күтүлүүдө. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зарылчылык болбосо, алыскы жолго чыкпай турууну сунуштайт.

Кырсык катталганда же маалымат алуу үчүн “112” бирдиктүү кызматтардын номерине байланышыңыз. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.

Пикир

Оставить комментарий