• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министрлигинин тутумундагы мекемелердин иш кагаздарды жүргүзүүсү электрондоштурулду

Коом 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги 2020-жылдын сентябрынан баштап Infodocs автоматташтырылган маалыматтык система (АМТ) аркылуу иштеп, электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы менен иш жүргүзүп келет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Статистикага кайрылсак, 2022-жылы 29 миң 235 кат электрондук документ жүргүзүү аркылуу болсо, 2023-жыл ичинде жалпы 39 миң 542 кат электрондук документ жүргүзүү аркылуу ишке ашкан. Бул салыштырмалуу 35,2 пайызга көп.

Ар бир келген кат категорияларга бөлүнүп, системага келип түшкөн тапшырма, кайрылууларды мөөнөтү менен көзөмөлдөп, кагаз иштерин азайтып, ыкчам маалымат жана жооп берүүгө ылайыкталган.

Электрондук документ жүгүртүү министрликке документтерди жөнөтүү жана жеткирүү процессин тездетүүгө, ошондой эле аткаруу тартибин жана документтерди иштеп чыгууну стандартташтырууну жакшыртууга мүмкүндүк берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий