• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Анарбаев Малайзиянын ТИМ өкүлүнө ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 16.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин башчысы Мохд Айни Атанга ишеним грамоталарынын көчүрмөлѳрүн тапшырды.

КР ТИМден билдиришкендей, Мохд Айни Атан Анвар Анарбаевди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде элчи жолугушууну уюштургандыгы жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилери боюнча кызматташууну ар тараптуу активдештирүүнүн, ошондой эле быйылкы жылы эӊ жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий